- «Ден соолук» Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги 24-июнь күнү жарандар жана медициналык кызматкерлер үчүн 2 алгоритмди бекитти.
24-06-2020
Эгер сиздин дене табыңыз көтөрүлүп, алсырап, даам же жыт сезбей жана башка симптомдор коштоп жаткан болсо, анда:
- Үйдөн чыкпаңыз;
- Үй – булөдөгу адамдардан алыс болуп, 1 жолку маска кийип, аны 2 саат сайын алмаштырып туруу заарыл, жана дагы колду таза кармап, өзүнчө идишке тамак ичип, үйдө бейчеки баспай үйдү такай желдетип турууу керек;
- 118 ге же үй – бүлөлүк дарыгерге (ЦСМ) чалыңыз, же СМС жазып - симптомдор тууралуу кабар бериңиз;
- Муктаждык болуп турса – симптомдорду жок кылуу максатында дарыланыңыз.
Төмөнкү симптомдорду жана көрсөткүчтөрду контролдоп туруу заарыл:
- Дене табын;
- Жүроктүн бир мүнөттө канча жолуп согуп жатканын;
- Энтигүүнүн пайда болушун же күчөшүн;
- Жөтөлдүн пайда болушун же күчөшүн.
Күн сайын ушул симптомдор тууралуу үй – булөлук дарыгерге маалымат берип туруңуз.
Симптоматикалык дарылануу:
- Суюктукту көп ичүү (суу, чай, ширелер);
- Дене абы 38,5°С тан жогору болуп турса – Парацетамол же Ибупрофен ичүү заарыл;
- Башка өнөкөт ооруларыңызды дарылоону уланта бериниз (жогорку кан басымы, кант диабети, ЖИО, ХОБЛ, астманы ж.б.).
Жогорку дене табы сакталып, жөтөл күчөп, аз эле кыймыл-аракеттен же жөн отурганда энтигүү пайда болуп жатса – үй бүлөлүк дарыгерге кабар бериңиз, ал сизге кантип дарыланууну же ооруканага барып жатууну айтат.
Эмне кылууга болбойт?
- Дүкөнго баруу, көчөдө же башка коомдук жайларда сейилдөө, конок тосуу;
- Лабораторияга тест же башка анализ берүү үчүн баруу – сизде клиникалык симптомдор бар, а бул пандемия учурунда тесттин жыйынтыгы канааттандыраарлык же канааттандыраарлык эмес болсо дагы коронавирустун симптомдору катары эсептелинет.