Туубаса пороктор жөнүндө

Жүрөктүн тубаса пороктору (ЖТП) деп төрөлгөндөн болгон жүрөктүн түзүлүшүндөгү аномалияларды айтабыз. Алар боюнда болгон мезгилден 3-8 жумаларында жүрөктүн пайда болушунда бузулуулардын негизинде келип чыгат.
  • 150 дөн көбүрөөк ЖТП түрлөрү бар. Кээ бир ЖТП көп кездешсе, кээ бир түрлөрү сейрек кездешишет. Бардык ЖТП рун төмөндөгүдөй топторго бөлүүгө болот:
    1.Солдон оңго чогултуучу пороктор (кубакай);
    2.Оңдон солго чогултуучу поркотор (көк);
    3.Кайчылаш чогултуучу пороктор;
    4.Кан айланууга тоскоол болуучу пороктор;
    5.Клапан аппараттарынын пороктору;
    6.Жүрөктүн веналарык артерияларынын пороктору;
    7.Кордиомиопатия;
    8.Жүрөктүн ритминин тубаса бузуктугу. Мындай бөлүштүрүү шарттуу, анткени бир эле тубаса порокто жогоркулар биргелешип кездешип, кандын багытын өзгөртүп, аны «кубарыңкыдан» - «көккө» чейин буруп, жүрөктүн согуу ыргагын бузат.

  • Пороктордун чейреги криткиалык болуп, төрөлөр замат эле операция жасоо керек болот. Башка түрлөрүндө күтө турууга болот. Кээ бир пороктор (мисалы жүрөктүн карынчаларынын ортосундагы тешик) убакыт өтүүсү менен өзүнөн өзү жабылып (бүтөлүп) калат. Сапаттуу ультраүн диагностоонун пайда болуусу менен көпчүлүк жүрөктүн тубаса тубаса пороктору бала экенисинин ичиндеги кезинде эле аныкталат. Акыркы диагноз бала төрөлгөндөн кийин гана коюлса да ультраүн диагнозу абдан маанилүү.

  • ЖТП аныкталгандан кийинки тактиканы кардиолог аныктайт. Эгер порок өтө коркунучтуу болбой, пациентке дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Мындан тышкары ЖТП менен балдарды сөзсүз эмдөө керек (кан айлануусу начар болгондуктан ага көп оорулар жабышат). Жалпы балдарга тиешелүү эмдөөлөрдөн тышкары ЖТП менен оорулуу жана кээ бир 1 жашка чейинки балдарды респиратордук синцитиалдык вирустан коргоо керек.

Аларга бул вирус зыяндуу, анткени ал өпкөдө коркунучтуу өзгөрүүлөрдү пайда кылат, оор бронхиттер ал түгүл өпкөдөн сезгенүүлөр болушу мүмкүн.

Жатындын миомасын өз убагында аныктоо үчүн
гинекологго алты айда бир жолу, даттануу болбосо дагы, барып туруу сунушталат.

Бул канчалык коркунучтуу?

  • Кичинекей баанын жүрөгүнүн порогу чоң болсо – баланы жашоосунун биринчи айында эле жоготуп алууга болот

  • 100 баланын 2 жүрөктүн тубаса порогуменен төрөлөт.

Дарылоо ыкмаларын билүү

ЖТП белгилери төмөнкүлөр

Көбүрөө билүү үчүн курсорду оорунун белгисине койгула.

Сиздин тууганыңыздан табылган белгилери белгилеңиз.

  • Тамактанууда, актидүү кыймыл аракеттерде чарчоо

    Бала тамактанып жатып дем алуу үчүн токтолот. Мында анын мурун жана уурттары үч бурчтугунун көгөрүүсү байкалат. Эмчекти жай жана көңүлсүз сорот. Тез чарчоону ата-энеси баланын жалокоолугу катары кабыл алышат. жүрөктүн порогу менен байланыштырышпайт.

    Бул белги болот
  • Жүрөктүн согуу ыраатынын (ритм) бузулуусу

    Жүрөктүн пороторунун көпчүлүгүндө жүрөктүн кээ бир бөлүгүнүн чоңоюусу пайда болот. Бул анын ошол бөлүгүнүн чыңалуу менен коштоосунун натыйжасы. Мынад жүрөк булчуңу ушул бөлүктө өзүнүн касиетин жоготот, анын натыйжасында потологиялык очоктор пайд аболушат, же тескерисинче өтөрүү жолдору тосулуп калышат, натыйжасы согуу ырааттуулугунун бузулушу.
    Бул белги болот
  • Көп жолу кайталануучу өпкөнүн жугуштуу оорулары

    Бала, ал түгүл чоң киши да дем алуу жолдорунун ооруларына тез-тез чалдыгат, мисалы өпкөдөн кагынуу (пневмония). ЖТП да өпкөнүн кан тамырларында кандын токтоп калуусу байкалат, ушуга байланыштуу өпкөдө кан айлануу бузулат.
    Бул белги болот
  • Жүрөктө атайын дабыштардын (үндөрдүн)

    болуусуПороктун ар бир түрү өзүнө мүнөздүү атайын дабышка ээ, аны фонендоскоптун жардамы менен кардиолог тыңшап уга алат.
    Бул белги болот
  • Дем алуунун тездөөсү

    Бул феномен тахипноэ деп да аталат. Мында баланын дем алуусу тездейт, ал аралыктан эле угулат, мурдунун танооолору керилет, оор учурда мурун уурттар үч бурчтугу көгөрөт.
    Бул белги болот
  • Тамакка табиттин начардыгы

    Табити жаман, кычкылтек жетишпестикке байланыштуу, организми керектүү тамак заттарын ал алабайт. Салмак кошуу төмөндөйт. Бала өзүнүн курбуларынан физикалык жан аакыл эс жагынан артта калат. Тамакты аз ичет, ыйлаак, чыргоо болот
    Бул белги болот
  • Жүрөктүн согуусунун ылдамдоосу (тахикардия)

    ЖТП оорусу организмдин кычкылтек жетишпестигин толуктоого болгон реакция, анткени ЖТП да кычкылтекке жана тамак заттарына каныккан кан жүрөктүн сол бөлүктөрүндөгү жогорку басымга байланыштуу оң бөлүгүнө түшөт, организм жетишпестикке дуушар болот. Ошондуктан жүрөктүн согуу ырааттуулугу тахикардия тездейт
    Бул белги болот
  • Теринин көгүш тартуусу

    Кандай гана пороктун айынан кычкылтек менен байыган кан организмге толк жетпейт, ушуга байланыштуу организмде «пайдаланылган» көмүр кычкыл газына байыган кан чогулат. Мында оорулуунун териси көгүш тартып же кубарыңкы болот. Бул өзгөчө мурун уурттар үч бурчтугунда жана колдун, буттун манжаларында көз кездешет
    Бул белги болот
  • Тырмактардын ийрейүүсү

    ырмактар сааттын айнегине окшошуп, ал эси манжаалрдын учтары – барабандын таякчалына окшошот. Тырмактар тегеректенип, манжалардын учу жооноет. Бул белги жаңы туулганда жок болот. Кийинчерээк ЖТПнун натыйжасы катары байкалат
    Бул белги болот

Эгер сиз өзүңүздүн туугандарыңыздын ушул белгилердин жок дегенде бирөөнү байкасаңыз кам көрүңүз. Ага оору тууралуу айтып бериңиз, аны менен чогуу атайын дарыгерге барыңыз. Бул белгилердин артында эмне болуп жатканын билиңиз

Сиз белгилеген/белгилер жатын миомасынын белгилери болушу мүмкүн.

Жүрөктүн тубаса порокторун кардиохирург дарылайт

Жүрөктүн тубаса порокторун кардиохирург дарылайт

Дарылоонун жолдору

Жакшы жаңылык

үгүн Кыргызстанда дарыгерге өз убагында кайрылып, жана анын дайындаган дарылоосун туура сактасаңыз, сиз өз жакындарыңыздын өмүрүн узартып, жашоо сапатын жакшырта аласыз.

Сизге специалисттин консультациясы керек болсо:


+996 555 710 861

Наш Instagram

Наш Facebook