Диагноз коюу жанадарылоо

Жүрөктүн тубаса порогу сыртынан байкалбоосу мүмкүн. Бир далай убактарга чейин (төрөлгөндөн кийин) бала соо көрүнөт, оору үч жашына чейин байкалышы мүмкүн.

Жүрөктүн порогунун көрүнүшү баланын физикалык жактан артта калуусу, физикалык күч келгенде күйүгүү (демигүү), теринин кубарыңкы же көгүш болуусу.

Эгер сиз жогорку белгилерди байкасаңыз, кардиолог – дарыгерге кайрылып, сунуш кылынган дарылоону баштаңыз.

best men bestbuyjapan14 fake nixon watches original bonanza replica rolex gmt yach chsllenng 2005 cheap china knockoffs for sale portofino 8 day jared china watch replica link automatic chronograph lord taylor replica designer watches and tudor seamaster 300 replica products from china de calibre to find fake watches rolex navitimer world a24322 price uses for a www.swissreplica.co explorer gmt

ЖТП нун эндоваскулярдык жана хирургиялык дарылоо.

Жүрөктүн тубаса порогу менен жашо көпчүлүк чектөөлөргө, организмге коркунучтуу. Ошондуктан такай диагноздоп, биринчи эле көрсөткүчтөрүнөн соң дарылоону баштоо мааниллүү. Жетекчилердин көсөмдүк жана жооптуу саясаты менен биздин республикабыз Кыргызстанда эндоваскулярдык кийлигишүүлөр жана эң татаал операциялар ЖТП торду дарылоодо жүргүзүлөт

  • ЖТПны диагноздоо

    Көпчүлүк учурда проблема аялдын кош бойлуу кезинде айкындалат. Бул пландуу ультраүн изилдөөлөрдө (УЗИ) 18-22 апталык срогунда аныкталат.
    Аныгын билүү үчүн ичтеги балага эхокардиография жасалат. Төрөлгөн соң пороктун мүнөздүү клиникалык белгилери болсо ооруга шектенет. Ошондой эле жүрөктүн согуу жыштыгын санап, жүрөктүн тонун тыңшап, дабышын текшерет.

    Аспаптар менен изилдөөлөр
    •эхокардиография;
    •электрокардиография;
    •Көкүрөк көңдөйүнүн рентгени;
    Пульсоксиметрия - кандагы кычкылтектин көлөмүн өлчөө;
    •Жүрөктү катетерлөө, жумшак түтүкчө колдун же буттун кан тамыры аркылуу жүрөккө киргизилет, андан соң жүрөктүн көңдөйлөрүндөгү басымдар өлчөнөт. Катетерлер аркылуу боекторжиберилип, жүрөктүн камераларынын жана тамырларынын түзүлүшү жана функциясы бааланат.
  • Дарылоо

    Жүрөктүн тубаса порокторунда жардам берүү жүрөктүн жабыркаган жеринен көз каранды.

    Жеңил түрлөрүндө балага байкоо гана жүргүзүлөт, анткени жетишпестик жашы чоңойгондо айыгып кетүүсү мүмкүн.

    Оор учурларда хирургиялык же эндовоскулярдык (миниинвазиондук) дарылоо жүргүзүлөт, абалын узак убакыт бою байкоого алат.

    Кээ бир учурларда симптомдорун операцияга чейин азайтуу максатында дары берилет. Дары катары заараны кубалоочу (тездетүүчү) дарылар берилип, ашыкча суюктуктар чыгарылып, дем алуу жеңилдейт, жүрөк гликозиддери, жүрөк булчуңунун жыйрылуу күчүн жогорулатат.

    Акыркы жаңы дарылоо ыкмаларын билгиңиз келсе кардиологко кайрылыңыз!

  • Жүрөктүн тосмолорундагы бузулууларды (десректы) дарылоо

    Дарылоо тактикасы жүрөктөгү тешиктин чоңдугуна жараша болот. Эгер дефект анча чоң эмес болсо, оорунун белгилери байкалбаса же жүрөк чоңойбосо анда ден соолукка коркунуч болбойт жана мындай адамдарды байкоо жүргүзүү гана керек. предсердиялардын ортосундагы тосмодогу тешик «терезе» жана карынчалардын ортосундагы кээ бир тешиктер «зонтик» окклюдердин жардамы менен жабышат. «Зонтик» катетер аркылуу жеткизилет. Эгер дефект өтө чоң болсо, анда аны хирургиялык жол менен тигишет.

    Эгер эндоваскулярдык жабуу мүмкүн болбосо, анда коррекциянын мүмкүн болгон ыкмасы жүрөккө ачык операция жалпы наркоз астында жасалма кан айлануу аппаратын колдонуп, жүрөктү токтотуп, анан жасалат. Мындайда кардиохирург жүрөктүн порогун биологиялык тосмо колдону тигет. Операциядан кийинки калыптануу мезгили 1 айды түзөт.
  • ЖТПны эндоваскулярдык жабуу

    Эндоваскулярдык технологияларды тубаса порокторду дарылоо бул кардиологиялык оор патологияны дарылоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
    Акыркы эки он жылдарда жүрөктөгү тешикти ачык кийлигишпестен жабууга мүмкүндүк берген жаңы түзүлштөр пайда болду (кеслы, жасалма кан айлантып жаза узака калыбына келтирип)
    Бул манипуляцияларды аткаруу үчүн окклюдерлер сунуш кылынган болучу. Түзүлүштү тандоо (акклюдерди) эндоваскулярдык хирург, анатомиялык дефекти жакшы текшергенден кийин жүргүзүлөт.
    Эндоваскулярдык кийлигишүү рентгендик операция шартында аткарылат. Бүктөлгөн абалында окклюдер катетер деп аталган жеке түтүкчөдөн орун алган. Мында көкүрөк көңдөйү кесилбейт, жасалма дем алдыруу аппараты колдонулбайт. Сандагы кан тамырды тешүү, ал аркылуу окклюдер бүктөлгөн (оролгон) боюнча, кан тамыр аркылуу жүрөктүн ичине жеткирилет.
    Дефект заплатка менен толук жабылат. Эгер окклюдер туура коюлган болсо, катетер ажыратылып сыртка суурулуп алынат, эгер жылышып кетсе, окклюдер аны жеткирген катетерге кайтадан тартылып алынып, анан коюу процесси кайталанат.

  • Эндоваскулярдык дарылоонун натыйжасы

    Жогорку сүрөттөлгөн процедуранын узактыгы пациентти даярдоону кошкондо эки сааттай.
    Операциянын алгачкы күндөрүндө пациент интенсивдүү терапия бөлүмүндө байкоо астында болот. Операциядан эки күн өткөндөн кийин контролдук изилдөө (текшерүү) жүргүзүлүп, пациент ооруканадан чыгарылат.
    Ооруканадан чыккандан кийин пациент кардиохирургдун көзөмөлүндө болот. Мезгил – мезгили менен башында бир айдан, анан 3 айдан кийин эхокардиография жүргүзүлүп акклюзиянын абалы жана карынчалар аралык тосмонун жылчыксыздыгы текшерилет.
    Алты айдан кийин имплант (окклюдер) толук бойдон жүрөктүн клеткалары менен капталат, пациент кадимки жашоосун жүргүзө алат.

ЖТПнын белгилери төмөнкүлөр

Көбүрөө билүү үчүн курсорду оорунун белгисине койгула.

Сиздин тууганыңыздан табылган белгилери белгилеңиз.

  • Тамактанууда, актидүү кыймыл аракеттерде чарчоо

    Бала тамактанып жатып дем алуу үчүн токтолот. Мында анын мурун жана уурттары үч бурчтугунун көгөрүүсү байкалат. Эмчекти жай жана көңүлсүз сорот. Тез чарчоону ата-энеси баланын жалокоолугу катары кабыл алышат. жүрөктүн порогу менен байланыштырышпайт.

    Бул белги болот
  • Жүрөктүн согуу ыраатынын (ритм) бузулуусу

    Жүрөктүн пороторунун көпчүлүгүндө жүрөктүн кээ бир бөлүгүнүн чоңоюусу пайда болот. Бул анын ошол бөлүгүнүн чыңалуу менен коштоосунун натыйжасы. Мынад жүрөк булчуңу ушул бөлүктө өзүнүн касиетин жоготот, анын натыйжасында потологиялык очоктор пайд аболушат, же тескерисинче өтөрүү жолдору тосулуп калышат, натыйжасы согуу ырааттуулугунун бузулушу.
    Бул белги болот
  • Көп жолу кайталануучу өпкөнүн жугуштуу оорулары

    Бала, ал түгүл чоң киши да дем алуу жолдорунун ооруларына тез-тез чалдыгат, мисалы өпкөдөн кагынуу (пневмония). ЖТП да өпкөнүн кан тамырларында кандын токтоп калуусу байкалат, ушуга байланыштуу өпкөдө кан айлануу бузулат.
    Бул белги болот
  • Жүрөктө атайын дабыштардын (үндөрдүн)

    болуусуПороктун ар бир түрү өзүнө мүнөздүү атайын дабышка ээ, аны фонендоскоптун жардамы менен кардиолог тыңшап уга алат.
    Бул белги болот
  • Дем алуунун тездөөсү

    Бул феномен тахипноэ деп да аталат. Мында баланын дем алуусу тездейт, ал аралыктан эле угулат, мурдунун танооолору керилет, оор учурда мурун уурттар үч бурчтугу көгөрөт.
    Бул белги болот
  • Тамакка табиттин начардыгы

    Табити жаман, кычкылтек жетишпестикке байланыштуу, организми керектүү тамак заттарын ал алабайт. Салмак кошуу төмөндөйт. Бала өзүнүн курбуларынан физикалык жан аакыл эс жагынан артта калат. Тамакты аз ичет, ыйлаак, чыргоо болот
    Бул белги болот
  • Жүрөктүн согуусунун ылдамдоосу (тахикардия)

    ЖТП оорусу организмдин кычкылтек жетишпестигин толуктоого болгон реакция, анткени ЖТП да кычкылтекке жана тамак заттарына каныккан кан жүрөктүн сол бөлүктөрүндөгү жогорку басымга байланыштуу оң бөлүгүнө түшөт, организм жетишпестикке дуушар болот. Ошондуктан жүрөктүн согуу ырааттуулугу тахикардия тездейт
    Бул белги болот
  • Теринин көгүш тартуусу

    Кандай гана пороктун айынан кычкылтек менен байыган кан организмге толк жетпейт, ушуга байланыштуу организмде «пайдаланылган» көмүр кычкыл газына байыган кан чогулат. Мында оорулуунун териси көгүш тартып же кубарыңкы болот. Бул өзгөчө мурун уурттар үч бурчтугунда жана колдун, буттун манжаларында көз кездешет
    Бул белги болот
  • Тырмактардын ийрейүүсү

    ырмактар сааттын айнегине окшошуп, ал эси манжаалрдын учтары – барабандын таякчалына окшошот. Тырмактар тегеректенип, манжалардын учу жооноет. Бул белги жаңы туулганда жок болот. Кийинчерээк ЖТПнун натыйжасы катары байкалат
    Бул белги болот

Эгер сиз өзүңүздүн туугандарыңыздын ушул белгилердин жок дегенде бирөөнү байкасаңыз кам көрүңүз. Ага оору тууралуу айтып бериңиз, аны менен чогуу атайын дарыгерге барыңыз. Бул белгилердин артында эмне болуп жатканын билиңиз

Сиз белгилеген/белгилер жатын миомасынын белгилери болушу мүмкүн.

Жүрөктүн тубаса порокторун кардиохирург дарылайт

Жүрөктүн тубаса порокторун кардиохирург дарылайт

Кантты дарылайт?

  • Күн өткөн сайын баланын организми өсөт, ал кан аркылуу кычкылтекти көбүрөөк талап кылат, бирпок мындай болбойт
  • 50% оорулуулар тобокелдик чечимин кабыл алышат. алар операцияга барышат
  • Оорунун белгилеринин жоктугу дарылоо муктаждыгын жокко чыгарбайт

Бул факторлор жүрөк булчуңунун декомпенсациясынын өнүгүүсүнө алып келүүсү мүмкүн

Ошондуктан сиздин жакын адамыңыздын ден соолугун сактоо үчүн дарыгерге кайрылыңыз (катталыңыз)

Сизге специалисттин консультациясы керек болсо:


+996 555 710 861

Наш Instagram

Наш Facebook