Диагноз коюу жана дарылоо
“Миома” деген диагнозду коюу үчүн дарыгер томонкү даттенууларга (оорунун белгилерине) таянат:
- Оорунун онүгүү тарыхы (баяны)
- Жакын тугандарынын ооруларынын тарыхы
- Тобокелдик факторлору
- Физикалык жана аспаптык изиядоолордүн натыйжасы
Аз жаракаттандыруугу жана хирургиялык жолдор менен миоманы дарылоо
Кээде бир эле дарылар менен дарылоо жетишсиз болот. Жогорку технологиялык аз жаракаттандыруугу манипуляцияларды жүргүзүү үчүн ангиограф талап кылынат. Биздин Республиканын жетекчилеринин көсөмдүк жана жоопкерчиликтуу саясатына ылайык Кыргызстанда бир катар кантамырларга кийлигүүшөр жана операциялар жатындын миомасын дарылоо үчүн жүргүзүлөт.
-
Диагноз коюу
Коломдүү шишиктин эрте стадиясында диагноздоо дайыма эле мүмкүн болбойт. Жатындын миомалык түйүндорүн аныктоо үчүн гинекологдор бимануалдык (кол менен)изилдөө жургузушөт. Диагнозду тактоо үчүн кошумча изилдөөлөр жүргүзүлөт: эндоскопиялык,ультраүндүк,ренгендик. Эндоскопиялык изилдөөлөрдөн дырыгерлер кобунчө төмөндөгүлөрдү колдонушат:
• Гистероскопияны;
• Кольпоскопия;
• Цервископияны;
• Лапароскопияны;
• Кульдоскопияны.
Влагалища датчигин колдонгондо ультраүн изилдөөсү эффективдууроок болот. Бир эле убакта дарыгерлер эндометриянын (жатындын ички бетинин) жана жумурткачалардын (яичники)абалын баалайт, диагнозду тактоо учун материал да алынат. -
Миоманын алдын алуу
Миоманын алдын алуу максатында тобокел тобундагы 30 жаштан жаш жана 30 жаштан улуу бардык аялдарга жылына эки жолу ультраун сканирлоо жургузуу керек. Эн жаны дарылоо ыкмаларын билуу үчүн гинекологко кайрылгыла!
Кардиологуңуз менен сүйлөшүп, акыркы дарылоо ыкмаларын билип алыңыз!
-
Жатындын миомасын дарылоо
Азыркы күндо дарылоонун үч ыкмасы белгилүү: Медикаменттер менен, эндоваскулярдык жана хирургиялык. Медикаментер менен дарылоодо гормон каражаттарын такой ичүү, бирок такой ичкенде деге миоманын өсүүсү гана токтолот. Кантамырлар аркылуу (эндоваскулярдык) ыкма-бул жатындын артерияларын эмбоядоо, бул дарылоодогу жаны аз жаракаттандыруучу ыкма. Хирургиялык алып салуудан кийин миоманын кээ бир клеткалары матканын тканында калат калган клеткалар ылдам темп менен өсө башташат, мындан тышкары жатында операциядан кийинки тырык (шрам) калат бул бойдон төшөп калууларга оболго болот. Кээде жатындын озүн алып салат. Мындан кийинки операциядан кийики татаалдануулар бойго бутпой калуу, гормондук системасынын өзгорүүсүнөн нерв жана жүрөк-кантамыр системасына таасири тийет.
-
Жатын артерияларын эмболдоо
Жатындын булчун шишигин эмболдоо (фибромиомдор, лейомиомдор,фиброидди) – бул эң эле аз жаракаттандыруучу процедура жана традициялык хирургиялык ыкмага атаандаш ыкма. Жатындын миомасынын эмболдоо (тыгындоо) шишик түйүнүнө кандын келуусу токтолот, шишик инфаркт болуп, тузулушу байкаланат. Киинчерээк миома бир топ кичирейээт, анын белгилери (оору, жатындын кан агуу) жоголот же азаят. Жатындын миомасынын артериясынын тыгындоонун (эмболдоо) артыкчылыгы томондогудо: миоманын артериясынын тыгындоодо жатынга тийбейт, жатын, жатындын төтөкчөлөрү бүтүн бойдон сакталат, эмболдоодо балалуу болуу мумкунчулугу сакталат, татаалдануулар хирургиялык операцияга салыштырганда он эсе аз кездешет.
-
Жатындын миомасын эмболдоо кантип ишке ашырылат??
Жатындын миомасынын артерияларын тыгындоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: Дарыгер жатындын миома түйүндөрүн азыктандыруучу кантамырларга эмбосфераларды – куят. Кантамырлардын ичи тыгындалат, ошонтип түйүндор акырын менен “кургашат”.
ЖМЭ (жатындын миомасын эмболдоо) бул хирургиялык операция эмес, ал жердик ооруксандырбоо астында бир гана жолу колго саюу менен жүргүзүлөт, болгону 30-40 мунот убакытты алат. ЖМЭ дон кийин жатындын миома түйүнү кан менен жабдылбайт, анын өсүүсү токтолуп, сыртынан оролуп калат.
Жатындын миомасын өз алдынча дарылоого болбойт
Кантип дарылоо керек?
- Күндон күнго миома күчоодо жана аны дарылоо татаалданууда
- 50% Пациенттердин 50% гинекологко абдан кеч кайрылышат
- Белгилери жок болсо да дарылабай коюга болбойт.
Ушул факторлордун баары миоманын өнүгүн осүүсүно алып келет.
Ошондуктан сиздин жакын адамыныздын ден-соолугун сактоо үчүн эмне кылыаласыз, аны дарыгерге азыр эле жаздырыныз!
- https://1gkb.by/informatsiya-dlya-grazhdan/vrachi-informiruyut/705-mioma-matki-tipy-simptomy-diagnostika-lechenie
- https://moluch.ru/conf/med/archive/51/1595/
- https://www.medcentras.lt/ru/stati/mioma-matki---kogda-nyzna-operatsija,nid.523
- https://www.kp.ru/guide/mioma-matkikg.html
- https://www.kp.ru/guide/iembolizatsija-matochnykh-arteriikg.html