Кант диабети деген эмне?

1

Кант диабети деген эмне?

Кант диабети – бул канда канттын деңи ээ такай жогору болуп турган өнөкөт оору. Мында эмне болмок эле деп ойлосок да болот?

2

Проблема

Кант диабетинин (КД) эки түрүн билебиз: инсулинден көз каранды (ИККД – I-түрү) жана инсулинден көз каранды эмес диабет (ИККЭД – II‑түрү). Эгер сиз такай суусап, заара жасооңуз тез десе, курсагыңыз такай ачса, салмагыңыз азайса, көзүңүз караңгыласа же алыңыз өтө эле кетсе бул ИККД. Ал барык жаш курактарда пайда болот, бирок көбүнчө бала же жаштык куракты. Жашоо үчүн оорулуу күнүгө инсулинден ийне сайдырышы керек

Кант диабетинин II‑түрүндө (КД‑II) белгилери жалпысынан жогорудагылар, бирок патология (оору) акырындык менен өнүгөт, жана начарыраак болот. Оору 40 жаштан кийин көбүнчө 55 тен кийин пайда болот. ИККЭДти башка жашына жараша өзгөрүүлөр менен алмаштырышат. Эгер сиз 60 жаштан улуу болсоңуз, тез-тез заара ушатып турсаңыз, сиз простата безиңиз аденома менен жабыркоодо деп божомолдойсуз. Балким бул кант диабети болушу мүмкүн. Кан диабетинин экөөнү тең текшерип турууга болот окшойт, бирок кант диабетинин I‑түрүнүн (ИККД) алдын алууга болот. Эгер ИККЭДке тукум куучулук болсо: физикалык активдүүлүк, дененин салмагын бир калыпта кармоо, рационалдуу туура тамактануу кандагы глюкозанын деңгээлин нормалдаштырып, патологиялык процесстин өнүгүүсүн эффективдүү токтотот

3

Себеби

ИККД уйку бези инсулинди бөлүп чыгарбай калганда пайда болсо, ал эми ИККЭД – безде инсулин аз пайда болсо, же инсулиндин эффективдүү аракети болбогондо пайда болот. Сөз глюкозанын (канттардын) кандан клеткага баруусун камсыз кылуучу гормон жөнүндө болду да. Глюкоза – бул биздин денени энергия менен камсыз кылуучу организмдин “отуну”. Ошол эле убакта глюкоза тамак сиңирилгенде ичегиде пайда болуп, канга сорулуп алынат. Анын кандагы деңгээлинин нормадан жогору болуусу (гипергликемия) сийдикте “канттын” пайда болуусуна алып келет жана организмдин физикалык-химиялык тең салмагын бузууга анын келет, мунун кесепетинен ар кайсы органдардын жабыркоосун, белгилүү диабет комасын – эс учун жоготуу, эгер токтоосуз инсулин куйбаса өлүм коркунучу туулат.

4

Бул канчалык маанилүү

Эгер сиз бат-бат суюктук ичкиңиз келсе, тез чарчап, арыктай баштасаңыз, анча-мынча эле жаракаттарыңыздын бүтүүсү кечеңдесе – анда дарыгерге барыш керек. Диабет менен тамашалашбаңыз, жаман болот. Диабет менен оорулар жүрөктүн кан жетишпестик оорусу жана инсульттар менен жабыркоосу экиден төрт эсеге чейин көбүрөөк кездешет. 20‑74 жаштагы адамдардын көзүнүн көрбөй калуусунун негизги себеби кант диабети. Диабет бөйрөктү жабыркатат (диализге жана башка бөйрөк салууга мажбурлайт), ошондой эле четки нервдерди бузат, ошентип бутту кесүүгө туура келет! Бул көбүнчө эркектерге тиешелүү, анткени аялдарга караганда эркектер көбүнчө бутунда тикесинен туруп иштешет жана буту үчүн аз кам көрүшөт.
Диабетиктерде ортодон жогорку деңгээлде, көп жана оорураак парадонт оорулары кездешет. Эгер жогоруда аталгандар сизди коркутпаса балээнин баары мына ушунда. Диабет жыныстык ыракат алууну кыйындатат жана эркектин жыныс мүчөсүнүн сезгичтигин төмөндөтөт. Кээ бул кайтарымсыз жыныстык алсыздыкка (импотенция) алып келет. Жашы 50 ашкан диабетиктерде бул көрүнүш 50‑60% га таркаган. Бирок бул көптөгөн татаалдануулардын алдын алууга болот

5

Эң маанилүүсү, диабет жөнүндө эмне билүү керек

Биринчи түрдөгү диабет менен ооруп калуу тобокелдиги абдан төмөн. Эгерде бул балалык кезде кармабаса, анда болушу мүмкүн эмес. Бирок, баары бир уйку безди коргоо керек. Бул үчүн фасфуд жана тамеки чечүүдөн баш тартып, жашылчалардан көп тамактанууга аракеттенүү туура. Диабеттин 2‑ жана 3‑түрлөрү – бул тукум куучулук эле эмес, бул адамдын жашоо кейпи. Ал түгүл ата-энеси диабет менен оорудар деле оорубашы мүмкүн, бул үчүн алар активдүү кыймылда болушуп, өсүмдүктөрдөн тамак-аштарды көбүрөөк ичишсе, зыяндуу ширелерди азыраак пайдалануулары керек. Диабеттин алдын алуунун эң жакшысы – адамдын таза жашоо кейпи! Аныкталган: эгер глюкозанын кандагы деңгээлин такай текшерип турса жана дайындап берилген препараттарды кабыл алып, канттын кандагы деңгээлин ийгиликтүү текшерип турса жашоо толук кандуу болот.

6

Канттын деңгээли нормадабы же жокпу экендигин кантип аныктоо керек?

  • Кандагы канттын кандай деңгээли нормалдуу деп көп сурашат? Бул суроого ачкарын 6,1 ммоль/л, ал эми тамак ичкенден кийин 7,8 ммоль/л азыраак деп жооп берүүгө болот. Бирок кант диабети менен оорулуулар “нормалдуу кант” жөнүндө айтуулары мүмкүн эмес. Максаттуу диапазон – термини бар. Башкача сөз менен айтканда, кандагы глюкозанын деңгээли максималдуу (жогорку) деңгээлинен жогору эмес жана минималдуу (төмөнкү) деңгээлинен төмөн түшпөс керек. Бул диапазонду өзүңдүн дарыгериң менен кеңешип талкуулашың керек, анткени ал ар бир пациент үчүн ар башка болушу мүмкүн. Диабет менен жабыркаган адамдын маселеси – канттын деңгээлин максаттуу диапазондун ичинде кармоо болуп эсептелет. Белгилүү бир миф бар – ал кандагы глюкозанын деңгээлин сезүүгө болот дегендик. Ошондуктан глюкометрди колдонбосо деле болот. Тилеке каршы бул абдан чоң жаңылыштык. Организм жогорку кантка жа акырындык менен көнүгүшөт. Мында экстремалдык деңгээли 20 ммоль/л жөнүндө сөз болуусу мүмкүн эмес. Ал түгүл 11‑12 ммоль/л и деле диабеттен орду толгус татаалдануулар жана кесепеттер пайда болуусу мүмкүн. Ошондуктан кандагы глюкозанын деңгээлин такай, күнүгө 1 жолудан кем эмес өлчөп туруу керек. Бул кант диабетин дарылоонун алгаритминен официалдуу сунуштар

7

Каныңдагы канттын деңгээли керектүү диапазондо экендигине кантип ишенип, өзүңдү алдабашың керек?

Баары эң эле жөнөкөй – бир эле караганда көрсөтүүсүн түшүндүргөн түстүү көрсөткүчтүү сериядагы гликометр жардам берет. Экранда 5 секундада цифра жана канттын өтө жогору, төмөн, же максаттуу диапазондо экенин көрсөттү. Глюкометрди ар кандай диапазондорго тамака чейинки жана тамактан кийинки кантты көрсөтүү үчүн бурап тууралап койсо болот. Эске алуучу нерсе такай өзүңдү текшерип туруу диабетти эффективдүү башкарууну камсыз кылбайт. Кандагы төмөн жана жогору кант болууда сөзсүз туура иш-аракеттерди жасоо керек. Эмне кылууну билүү үчүн, жөн эле дарыгер менен кеңешүү керек.

Сизге специалисттин консультациясы керек болсо:


+996 555 710 861

Наш Instagram

Наш Facebook