Диабет таманы синдрому жөнүндө

Диабет таманы синдрому деген эмне?

БДСУнун аныктамасына ылайык ДТС – бул жугуштуу оору, жара же терең жаткан ткандардын неврологиялык бузулууларга жана буттардын негизги артериялык кан агымынын начарлоосуна байланыштуу болот.
  • Кант диабети кандагы глюкозанын деңгээлинин жогорулоосу менен мүнөздөлөт. Ден-соолугу таза адамдардын канындагы глюкозанын туруктуу концентрациясы кандагы глюкозанын концентрациясынын жогорулоосуна жооп кылып ашказан алдындагы бездин (уйку бези) бөлүп чыгарган инсулин деген өзгөчө гормонунун натыйжасында сакталып турат. Инсулин организмдин ткандарынын глюкозага сез ... жогорулатат да глюкозаны азайтуучу биохимиялык механизмдерди иштетет. Биздин организмде зат алмашуунун бардык түрлөрү бири-бири менен байланыштуу болгондуктан, глюкозанын метаболизми бузулгандан көп өтпөй майлардын жана белоктордун алмашуусу да бузулат. Мындай зат алмашуунун толук бузулуусу ички органдардын, кантамырлардын жана нервдердин ишин бузат.

  • Диабет таманынын өнүгүүсү бул буттагы нервдердин жана тамырлардын жабыркоосу. Бул же тигил патологиялык компоненттин басымдуулугуна жараша диабеттик таман синдромун айырмалап билебиз. Нерви бузулган диабет таманы – тамандын нерв аппараты бузулгандыктан буттун азыктануусу бузулат, бутта өзгөрүүлөр пайда болот. Ишемиялык диабет таманы – буттун жоон (атеросклероз) жана майда кан тамырларынын (микроангиопатия) бузулгандыктан пайда болот. Патологиянын аты айтып тургандай, мында кан жетишпестиктен тамандын ткандарынын азыктануусу бузулат, кычкылтек жетишпейт.

Оору такай күчөйт, күн өткөн сайын аны дарылоо татаалданууда!

Диабет таманынын белгилери бар болсо эндокринологко кайрылыңыз

Бул канчалык коркунучтуу?

  • Кант диабети менен оорулуулардын 50% ында диабет таманы синдромунун өнүгүүсүнүн тобокелдиги бар

  • Гликемиянын деңгээлин текшерүү үчүн жөнөкөй эле чараларды сактоо жана таманга кам көрүү бутту кесип салууну 2 эсе азайтат.

Дарылоо ыкмаларын билүү

Диабет таманынын белгилери

Наведите курсор на симптом, чтобы узнать больше.

Отметьте симптомы, которые вы видите у вашего родственника!

  • Кыймылдоодо жана тынч абалында ооруксунуу

    Басканда буттун катуу оорушу, ошондой эле түнкүсүн ооруйт, бутту төшөктүн четинен ылдый салаңдатканда же басууну токтоткондо оору басылат

    Бул белги болот
  • Кан ачуунун белгисинин жоголуусу

    Буттардын артериялары жабыркаганда так ушу диабет таманында, кантамырлардын ичи тарыйт жана кандын өтүүчүлөрү төмөндөйт же өтпөй калат.
    Бул белги болот
  • Буттардын муздактыгы

    Артериялык кандын акпоосу же агымдын начарлоосу ошол тараптыкы буттун табынын (температура) өзгөрүүсүн пайда кылат, буттун төмөн жагынын жана тамандын терисинин өңү өзгөрөт (кубарат же күрөң тартат), тери кургап, түлөйт, ар кандай чоңдуктагы ыйлаакчалар (ичи сууга толгон) пайда болушат.
    Бул белги болот
  • Буттарда майда жаралар болот

    Жаракаттанып, оңой менен айыкпаган чорлордун пайда болуусу, манжалардын ортосунда жаракалар пайда болот, тырмактар ийрейип, чачтар түшөт ушун баары артериялык кан менен жабдуу начарлаганынын же кан жүр бөөнүн кесепетинен келип чыгат.
    Бул белги болот

Сиз белгилеген/байкаган белгилер коронардык артерия оорусунун белгилери болушу мүмкүн (ИБС)

Жакынын,ызды кардиологго алып барыныз!

Дарылоо жолдору

Жакшы жаңылык

Бүгүн Кыргызстанда эгер дарыгерге өз убагында кайрылып жана ал дайындаган дарыланууну сактаганда, сиз өз жакындарыңыздын өмүрүн узартып жана анын сапатын жакшырта аласыз.

Сизге специалисттин консультациясы керек болсо:


+996 555 710 861

Наш Instagram

Наш Facebook