Дарылоону өз убагында баштай маанилүү!

Кандагы глюкозанын деңгээлине тамак-аш түз таасирин тийгизет. Башкаларга караганда кээ бир тамак азыктары канттагы глюкозанын деңгээлин көбүрөөк жогорулатат

Сунуштар Диета

Сунуштар:

Диабет таманы синдромунун алдын алууда кант диабет менен оорулуунун өзүнүн ролу маанилүү. Кандын кантын дайыма текшерип туруу керек, анткени кант диабетинин ордун толтуруу – буттардын жабыркоосун четтетүүнүн салымы. Бутка такай көңүл буруп туруу, бут кийимди жакшы тандоо, жаракат алуунун, суука чалдыгуусунун, өтө ысып кетүүсүнүн алдын алуу маанилүү. Ортопедиялык бут кийим кийин жүрүү, өйкөлүнүн, чер болуусун, буттун кетменин кейпинин бузулуусун болтурбайт
  • Эмгек жана эс алуунун тартибин сактагыла, жашооңузду жакшыртып, капаланганда абалыңызды башкара билиңиз
  • Оорунун биринчи эле белгилерин сезээриңиз менен, же шек пайда болсо, медициналык мекемеге кайрылыңыз.
  • Туура тамактаныңыз, тамак ичүү убагын сактаңыз, жаңы жашылча, жемиштерге, бүтүн акшактардан ботколорго көбүрөөк көңүл бөлүңүз.
  • Таза абада сейилдеңиз
Диабет таманы синдрому менен оорулууларды дарылоо көп эмгекти талап кылуучу жана кымбатка туруучу маселе. Ар түрдүү адистиктеги дарыгерлердин жана пациенттердин биргелешкен аракети менен гана оң натыйжаларга жетүүгө болот. КРнын эндокринологдорунун иштеп чыккан дарылоо ыкмалары патогенетикалык негизделген жана диабет таманы синдрому оорулууларды дарылоонун натыйжаларын жакшыртууга мүмкүндүк түзөт.

Мүнөздүк тамактанууну жана физикалык жүктөрдүн тартибин дарыгер тандайт, эгер сизге кеңеш керек болсо – азыр эле жазылыңыз.

Туура тамактануу кант диабетин дарыялоонун негизи

Диабетти ийгиликтүү башкаруу үчүн, кандай азыктарды жана канча өлчөмдө сиз ичин-жей аласыз, сиздин жашоо адатыңызга туура келгендей тамактанууну пландаңыз жана да кандагы глюкозанын деңгээлин текшерип турууга мүмкүн болсун. Тамак азыктары 3 түрдү тамак заттарын кармап турат: углеводдор, белоктор жана майлар.

Туура (таза) тамактанууну тандоо

Сиздин мүнөздүү тамактануу боюнча адисиңиз же диабет суроолору боюнча кеңешчиңиз сизге тамактануу планын түзүүгө жардам бере алат, бул сизге туура келет, жашоо адатыңызга жарашат. Туура (таза) тамактануу боюнча кээ бир сунуштар:

  • Диабет менен жабыркагандардын таза тамактануусу бул – анын үй‑бүлөсүнүн туура тамактануусу.
  • Тамактан канааттануу табыңыз, такай таза тамактаныңыз, өзүңүзгө керектүү тамактын көлөмү болсун.
  • Сиздин дарыгер сиз таза тамакты тандооңузга жана тамактын көлөмү сизге туура келүүсүн тандооңузга жардам бере алат.
  • Ар түрдүү азыктар менен тамактаныңыз, ар бир тамактанууда аш болумдуу болсун, тамакта таза майлар, жаңы кара кесек эт же белоктор, бүтүн акшактар жана майынан тазаланган сүт азыктары керектүү көлөмдө болсун.
  • Клетчаткага бай азыктарды көбүрөөк тандаңыз, алар жемиштер, жашылчалар жана бүкүлү дандар (кебектер, таза ундун тоскочу, күрөң кызгылт күрүч).
  • Этти конок, төө буурчак же тофу менен алмаштырып көрүңүз.
  • Калориясы аз суусундуктарды ичиңиз, алар чай же кофе канты жок, же жөн эле суу болушу мүмкүн.
  • Тамактанууңузга кантты алмаштыруучуларды киргизиңиз.
  • Туз аз азыктарды тандаңыз.

Тамактын көлөмүн кантип эсептөө керек?

Бир ичим тамакты ченөөнүн жеңил жана оңой ыкмасын сунуш кылабыз – сиздин колуңуз, сизге керектүү азыктарды аныктоонун эквиваленти боло алат

  • Белок

    эт, балык, жумурткалар, быштак, сыр

  • Сүт

    майлуу сүт азыктары

  • Углеводдор

    нан, кесмелер жана ундан тамак аштар, акшак тар

  • Жемиштер
  • Жашылчалар

Мүнөздүү тамактанууну жана физикалык жүктөрдүн тартибин дарыгер тандайт, эгер сизге кеңеш керек болсо – азыр эле жазылыңыз.

адам билет

Сизге специалисттин консультациясы керек болсо:


+996 555 710 861

Наш Instagram

Наш Facebook