Диагностика кандай?

Диабет таманын диагноздоо – бул татаал медициналык процесс, мында бир нече адистер катышышат, сөзсүз түрдө эндокринолог, кантамыр хирургу (ангиолог), невролог жана керек болгон учурда дарыгер – подолог.

  • Пациенттин таманын жана шыйрагын дыкат кароо, анамнез чогултуу абдан маанилүү.
  • Кантамырдын согуусун аныктоо жана ДТУҮ жасоо, диабеттик ангиопатияны диагноздоо максатында жүргүзүлөт
  • Четки артерияларга ангиография жүргүзүү, тагыраак диагноздоо үчүн
  • Алынган материалдардын негизинде нейропатияны диагноздоо
  • Эки буттун кетмендерин рентгенден өткөрүү
  • Трофикалык жаралар болсо бактериялык себүү жүргүзүү (жарадагы микробду аныктоо).

Диабет таманы синдромун аз жаракаттандыруучу жана хирургиялык дарылоо

Дарылар менен эле дарылоо көбүнчө жетишсиз. Аз жаракаттандыруучу же хирургиялык амалдарды аткаруунун алдында четки кантамырларга коронарография жүргүзүү талап кылынат. Биздин Республиканын жетекчилигинин билгичтик жана жоопкерчиликтүү саясатынын натыйжасында бүгүн Кыргызстанда ДТСун дарылоо үчүн бир катар аз жаракаттандыруучу (эндоваскулярдык) кийлигишүүлөр жана өтө татаал операциялар жүргүзүлөт

  • Кантамырларды диагноздоо

    ДТСимптомуна диагноз коюу анча кыйын эмес. Кант диабети менен ооруй турганын билүү жана оорунун мүнөздүү клиникалары жетиштүү

    Ошондой эле диагноз коюуда төмөндөгүлөр жүргүзүлөт:
    • Аспаптык жана лабораториялык диагноздоо,
    • Неврологиялык абалын баалоо,
    • Таяныч-кыймыл аппаратын, артериялык кан агынын баалоо,
    • Тамандагы басымдын бөлүнүшүн ченөө.

    Лабораториялык диагностика гликемиянын деңгээлин, гликирделген гемоглобиндин (Hb Al c) деңгээлин, сийдикте кетон заттарынын, холестериндин, триглицериддердин, фибриногендин, АЧТВ и ТВнын бардыгын аныктоону, ПОЛ-АОЗ системалардын абалын баалоо да кирет. Эгер жара болсо – операциялык материалды бактериологиялык жана гистологиялык изилдейт
  • ДТСнун кандай дарылайт?

    Диабеттик таман синдромунун гликемиялык жана нейроишемиялык түрлөрүн дарылоодогу негизги ыкмасы консервативдик дарылоону ткандардын кан менен жабдылуусун калыбына келтирип жана жаракатты хирургиялык тазалап, чоң жарааттарды пластикалык жабуу болуп эсептелет. Консервативдик терапия. Адамдык өзүмдүк максаттуу углеводдор алмашуусуна жетишүү жана сактап туруу, өз убагында инсулин менен дарылоо өтүү.
    • Тамеки чектөө
    • Артериялык кан басымын бууралоо (≤ 140/85 мм. рт. ст.)
    • Кандагы майлардын өзгөрүүсүн дарылоо
    • Кагулограмманы жана көздүн түйүн текшерүү астында канды уюткоочу жана антиагреганттарды берүү
    • Простагландин Е1 препараттарын берүү
    • Бактерияларга каршы дарылоо – жаралар болгон учурда аэробдук жана анаэробдук (кычкылтекке туруктуу жана кычкылтекке туруксуз) микрофлораларга каршы активдүү препараттарды колдонуу. Хирургиялык дарылоо чоң кантамырлардагы өтө эле кан жетишпеген ишемияда жана тамырдын капталы желип, бузулганда Консервативдүү дарылоо натыйжасыз. Ткандарга (булчуң этке оорулуу буттун) кан алып баруу үчүн артерияларга: кантамырын кайта калыбына келтирүүчү операция жасалат.

    Дарылоонун жаңы ыкмаларын билүү үчүн кардиологко кайрылыңыз!

  • Ачык хирургия

    Хирургиялык операциялар негизинен экиге бөлүнөт: Ачык шунттоочу (кан тамырды улоочу) жана аз жаракаттандыруучу кантамырдын ичи аркылуу жасалуучу операциялар: шунттоо операциясын аткаруу тизе муунунун тешигинен ылдый артериялар жабыркаган учурда операция, натыйжалуу болбойт, анткени бул жерде артериянын диаметри ичке жана жаракат терең жаткан болот.
  • Эндоваскулярдык

    Туура мезгилде жана эффективдүү, кантамырды калыбына келтирүүчү операция бул кантамыр ичинде баллондук тамырпластика жана шыйрактын жана тамандын (бут кетменинин) кантамырына операция болуп эсептелет.

    Эндоваскулярдык кийлигишүү магистралдык (негизги) кан агымын калыбына келтирип жана ткандарга канды киргизүү, бул бут кетменинин жарасынын бүтүүсүн (айыгуусун), жана бутту сактап калат. Операция сандын же тизе астынын артериясын тешүү аркылуу жүргүзүлөт, мында таманга жетүүгө мүмкүн болуу керек.

    Артериялардын кан өткөрүүчүлүгү тарып же бүтөлүп калган артерияны кошумча өткөргүч коюу же баллондук катетер менен кеңейтүү жүргүзүлөт. Ошентип кантамырдын диаметри калыбына келтирилет. Баллондук ангиопластика жеке эле шыйрактын чоң артериялар менен жабдылуусун камсыз кылбастан буттун кетменин догосунун артерияларынын ишин калыбына келтирет. Заманбай баллондук катетерлерди колдонуу артериялардын узакка кан өткөрүүчүлүгүн натыйжалайт

  • Натыйжалары

    Кантамырдын ичи аркылуу кийлигишүүлөрдүн натыйжалары ишенимдүү үмүт пайда кылат. Операция кылган күнү эле оорусу басаңдап, анан узакка созулган жаракын бүтүү (айыгуу) процесси башталат. Ушул убактан баштап кант диабетин жана кошумча коруларды медикаменттер менен дарылоо принципиалдуу мааниге ээ болот

    Дарылоонун жогоркутехнологиялык ыкмалары өнүккөндүгүнө байланыштуу кантамыр ичи аркылуу хирургия кант диабетинин өтө жаман татаалдануусу диабет таманын дарылоодо алдынкы планга чыкты.

    Диабет таманын дарылоодогу бул аталган ыкмалар биздин адистер көпчүлүк пациенттердин бутун сактап калууга жана жараларын айыктырууга мүмкүндүк түздү. Биз жеке эле операция жасабастан, тамандын трофикалык жарасын да дарылайбыз, алында ар түрдүү эффективдүү ыкмаларды колдонобуз. Пациенттердин буттарын сактап калып жана алардын кийин басып жүрүүсүн камсыз кылабыз

Кант диабетин эндокринолог дарылайт!

Кыргызстанда ДТСнун диагноздоо жана дарылоонун кандай эң жаңы ыкмалары жеткиликтүү?

Бүгүнкү күнү биздин өлкөнүн үч областында аз жаракаттандыруучу (кантамыр ичинен) кийлигишүүлөр жана эң татаал операциялар буттун кантамырларына жасалууда!

  • Буттардын кантамырларына коронаграфия – кантамырларды диагноздоодогу рентгендик контрастык ыкма

  • Баллондук ангиопластика – аз жаракаттандыруучу операция, буттардын кантамырларына жасалат

  • Шунттоо – буттардын кантамырларына жасалуучу хирургиялык операция

Кант диабетин эндокринолог дарылайт!

Сизге специалисттин консультациясы керек болсо:


+996 555 710 861

Наш Instagram

Наш Facebook